26 апрель 2024

Кароолор: (22)

ЧЕТ ӨЛКӨНҮН ЖАРАНДЫГЫН АЛГАН МУРДАГЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНДАРЫНЫН БАЛДАРЫНА "МЕКЕН-КАРТ" БЕРИЛДИ

 Жалал-Абад шаарындагы Калкты тейлөө борбору тарабынан бүгүн, 25-апрелде, Кыргызстандын мурдагы жарандары болгон, учурда чет өлкөнүн жарандыгын алган үй-бүлөнүн 18 ге жашы толо элек үч кызына "мекен-карт" берилди.

 Мекен-карт - Президеннттин "Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндөгү" Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында берилүүдө.

 Мекен-карта — боордоштордун мамлекеттик мааниге ээ болгон документи. Аталган статус Кыргызстандын мурдагы жарандарына, алардын балдары, неберелерине жана Кыргыз ССРинде туулган чет элдиктерге да берилет.

 Ал документти Кыргызстан менен чектешкен өлкөлөрдүн жарандары ала албайт.

 Мекен-карта 10 жылдык мөөнөткө берилет.

 Мекен-карт алгандар визасыз кирип-чыгуу, жашап туруу документин толтурбай эле КРдин аймагында туруктуу жашоо, эмгек визасын толтурбастан жумушка уруксат албай эле ишке орношуу,

кыргызстандыктар менен катар эле медициналык жана билим берүү кызматтарын колдонуу, айыл чарба багытындагы жерлерди пайдалануу укугуна ээ болот.

 Эске салсак, 2023-жылдын 13-мартынан бери Жалал-Абад шаарында 4 чет өлкөлүк жаранга мекен-карт берилди.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз