26 ноябрь 2024

Кароолор: (229)

Ч.АЙТМАТОВ АЙМАКТЫК БАШКАРУУ МЕКЕМЕСИНИН ЖАҢЫЛАНГАН ИМАРАТЫ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

 

 Бүгүн, 26-ноябрда Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Ч.Айтматов муниципалдык аймактык башкаруу мекемесинин жаңыланган имараты пайдаланууга берилип, аталган аймактык башкаруунун алдындагы коомдук алдын алуу борбору ачылды.

 Ачылуу аземге Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов, аймактык башкармалыктын кызматкерлери жана шаар тургундары катышты.

 Аталган аймактык башкаруу мекемесинин жана Коомдук алдын алуу борборунун имараты Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана "Saferworld" "Эл аралык толеранттуулук үчүн” фондунун каржылык колдоосу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, керектүү жабдуулар алынган.

 Мында Ч.Айтматов муниципалдык аймактык башкаруу мекемесинин кызматкерлери, аксакалдар соту, аялдар кеңеши, жаштар комитети жана милиция кызматкерлери үчүн бөлмөлөр каралган.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз