27 октябрь 2023

Кароолор: (735)

Ч.Айтматов аймактык башкармалыгындагы Жеңиш кичи районунда жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынына өкүлдөрдү шайлоо жыйыны өттү

 25 -октябрда Жалал-Абад шаарынын Ч.Айтматов аймактык башкармалыгындагы Жеңиш кичи районунун тургундарынын катышуусунда жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоо боюнча жыйын өттү. Жыйынга Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган эл өкүлдөрү, тургундар катышты.

Жыйындын катышуучуларына Элдик курултай жөнүндө маалымат жана жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйынга өкүлдөрдү шайлоо жөнүндөгү Жобого ылайык өткөрүү эрежелери эл өкүлдөрү тарабынан тааныштырылды.

Андан соң, 18-ноябрда Жалал-Абад шаарында өтүүчү жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйынга аксакалдар, жарандык активисттер, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнөн сунушталган 8 делегат ачык добуш берүү менен шайланды.

Белгилей кетсек, шаардагы 5 аймактык башкармалыктын ар биринен жергиликтүү өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттар шайланат. Алар жергиликтүү жыйында өздөрүнөн 4 делегатты Элдик курултайга шайлайт. Шайланган делегаттар шаардын орчундуу 3 маселесин экинчи Элдик курултайда көтөрөт. Элдик курултай 2023-жылдын 15-декабрында өтөт.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз