14 май 2024
Кароолор: (58)
БУУнун азык-түлүк программасынын алкагында 2023-2027-жылдар аралыгындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жыйын өттү

БУУнун азык-түлүк программасынын алкагында 2023-2027-жылдар аралыгындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жыйын өттү
13-майда Бириккен Улуттар Уюмумунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында
Япон өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен Жалал Абад шаарында аз камсыз болгон жарандарды коомдук пайдалуу жумуштарга тартуу менен азык-түлүк менен камсыздоо боюнча жыйын өттү. Ага шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова , БУУнун БДАТПнын өкүлү ( Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы) Нурлан Жумабай жана аймактык башкармалыктардын башчылары катышты
Анда Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жана Бириккен Улуттар Уюмумунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ортосунда түзүлгөн 5 жылдык (2023-2027) меморандумга ылайык, Япон гранты тарабынан долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маалымат берилди.
Маалым болгондой, долбоорго Жалал-Абад шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган аз камсыз болгон жана майыптыгы бар жарандар катыша алышат.
Белгилей кетсек, долбоор тууралуу кеңири маалымат алууну жана катышууну каалагандар өздөрү жашаган аймактык башкармалыктарга кайрылса болот.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз