03 декабрь 2024
Кароолор: (250)
БУУнун АЗЫК-ТҮЛҮК ПРОГРАММАСЫНЫН АЛКАГЫНДА 160 ҮЙ-БҮЛӨГӨ УН ЖАНА МАЙ БЕРИЛДИ

Жалал-Абад шаардык Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында жумушсуздук боюнча каттоодо турган жана аз камсыз болгон Курманбек, Ч. Айтматов, Спутник муниципалдык аймактык башкарууларынын жашоочулары өздөрү жашаган аймактарда сел каналдарды куруу жана тазалоо жумуштарында жергиликтүү бийликке көмөк көрсөтүшкөн. Аларга жасаган эмгеги үчүн бүгүн, 2-декабрда ар бирине 300 килограммдан ун жана 30 литрден өсүмдүк майы берилди.
Иш-чарага шаар мэри Эрнисбек Ормоков катышып, аталган долбоор жер-жерлердеги көйгөйлөрдү чечүүгө жана жумушсуз жарандардын жумушка тартылуусуна зор салым кошуп жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле, жогорудагы аткарылган жумуштар үчүн керектүү курулуш каражаттары жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн каражатка алынганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, аталган долбоор Жапон өкмөтүнүн каржылык колдоосу жана БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында коомчулуктун социалдык муктаждыктарын жоюуга, калктын аярлуу катмарынын азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз