01 июль 2024
Кароолор: (63)
БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ АТТЕСТАТ ТАПШЫРЫЛДЫ

Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова калаадагы Раатбек Санатбаев атындагы №9 инновациялык мектеп-гимназиясында жалпы бүтүрүүчүлөрдү жана мугалимдерди окуу жылынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, аттестаттарды тапшырды.
Ошондой эле, жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган бүтүрүүчүлөргө да сыйлыктар тапшырылды.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаары боюнча жалпы 719 окуучу 11-классты аяктап, алардын ичинен беш окуучу “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болушту.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз