28 сентябрь 2023
Кароолор: (107)
БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЖҮРӨК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Жалал-Абад шаарында 29-сентябрь - Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, медицина кызматкерлери, студенттер жана акысыз медициналык жардам алууга келген жарандар катышты.
Иш-чаранын алкагында жарандардын кан басымын өлчөө, кант диабетинин бар же жок экендигин аныктоо, дарыгерлерден кеңеш алуу сыяктуу кызматтар акысыз көрсөтүлдү.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз