25 апрель 2025
Кароолор: (10)
БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КИТЕП ЖАНА АВТОРДУК УКУК КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Жалал-Абад шаарында бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата Жалал-Абад шаарынын мэриясынын колдоосу менен облустук китепкана, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин түштүк аймактар аралык бөлүмү, Улуттук жазуучулар союзунун Жалал-Абад облустук бөлүмү жана “Из калтыр” жаштардын коомдук уюму тарабынан “Китеп-жан дүйнөнүн азыгы” аттуу Эл аралык XVI китеп фестивалы болуп өттү.
Ага шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова катышып, китепкана кызматкерлерин Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнү менен куттуктады. Ал өз сөзүндө Жалал-Абад облустук китепканасынын имаратынын эскилиги жеткендигин белгилеп, алдыда заманбап, студенттер, шаар тургундары келип китеп окуп, моралдык эс алып кетүүчү китепкана куруу пландалып жаткандыгын билдирди.
Иш-чаранын жүрүшүндө “Китепканага китеп тартуула” акциясы уюштурулуп, келген коноктор китепканага эстелек үчүн ар түрдүү мазмундагы китептерди белекке калтырышты. Мындан сырткары, акыл таймаш оюндары, балдар үчүн театралдык көрүнүштөр коюлуп, концерттик программа тартууланды.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз