08 апрель 2025

Кароолор: (43)

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ДЕН СООЛУК КҮНҮНӨ КАРАТА ДАРЫГЕРЛЕР АКЫСЫЗ ТЕКШЕРҮҮ ЖҮРГҮЗҮШТҮ

БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ДЕН СООЛУК КҮНҮНӨ КАРАТА ДАРЫГЕРЛЕР АКЫСЫЗ ТЕКШЕРҮҮ ЖҮРГҮЗҮШТҮ

 Жалал-Абад шаарындагы "Борбор Азия" эл аралык медициналык университетинде бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата, облустук кан борбору, НИМСИ, "УМАЙ" клиникалары, облустук кургак учукка каршы борбору жана мэриянын колдоосу менен Жалал-Абад шаарынын тургундарына акысыз медициналык текшерүү жүргүзүлдү.

Акциянын алкагында рентген, УЗИ, ЭКГдан акысыз текшерилип, кандын 10 анализи акысыз чыгарылат. Ошондой эле, текшерүүдөн кийин ден соолугу мыктылар донор болуп кан тапшырат. Аталган акцияга шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбековада катышып, элдин ден соолугу ар дайым биринчи орунда экендигин белгилеп, дарыгерлерге жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

 Акциянын алкагында терапевт, кардиолог, невролог, эндокринолог, гинеколог, педиатр адистерден акысыз кароодон өтүү, кеңеш берүү жүргүзүлдү.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз