12 сентябрь 2022

Кароолор: (87)

Бүгүн көпчүлүк аймактарда жамгыр жаашы мүмкүн

Бүгүн, 12-сентябрда көпчүлүк аймактарда жамгыр жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүшү ыктымал. Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы кескин төмөндөп, 12-13-сентябрларда Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 4…9°, күндүз 18…23°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 2…7°, күндүз 17…22°ка чейин болушу күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.