30 август 2023

Кароолор: (52)

Б.ОСМОНОВ КӨЧӨСҮНӨ ЖАҢЫДАН АСФАЛЬТ ТӨШӨЛӨТ

 Жалал-Абад шаарынын негизги көчөлөрүнүн бири болгон Бекмамат Осмонов көчөсүнө жаңыдан асфальт төшөө үчүн даярдоо иштери жүрүп жатат. Учурда эски асфальты алынууда. Аталган көчөгө жаңыдан асфальт төшөөдөн сырткары жолдун эки тарабына темир-бетон арык куурлары жаткырылып, тротуар курулат.

 Жолдун узундугу 2,5 чакырым, туурасы 14 метрди түзөт.

 Бекмамат Осмонов көчөсүн реконструкциялоо республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд. сомдун эсебинен каржыланууда. Ал эми эки тарабына тротуар курууга каражат жергиликтүү бюджеттен каралган.

 Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында быйыл жалпы 13 чакырым тротуарга жана 20 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз