26 апрель 2023
Кароолор: (51)
Б.Осмонов көчөсүндөгү сквер көрктөндүрүлдү

Жалал-Абад шаардык мэриясынын Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасы тарабынан шаардагы Б.Осмонов көчөсүндөгү скверге жашыл майсаң (газон) себилип, декоративдик көчөттөр отургузулду.
Буга чейин Спутник кичи шаарчасындагы Тарсус көчөсүнө жана Манас проспектисине жашыл майсаң себүү, көчөт тигүү иштери жүргүзүлгөн.
Белгилей кетсек, 2023-жылы Жалал-Абад шаарына жергиликтүү бюджеттен 8миң чарчы метр аянтка жашыл майсаң себүү, 4457 даана бак-дарактардын көчөтүн отургузуу пландалган.