22 ноябрь 2023

Кароолор: (66)

БОШ ЖУМУШ ОРУНДАР ЖАРМАНКЕСИНДЕ ЭКИ МИҢДЕН АШУУН ЖУМУШ ОРУН СУНУШТАЛДЫ

 Бүгүн, 22-ноябрда Жалал-Абад шаарында бош жумуш орундарынын жарманкеси өттү. Анда 2000ден ашуун бош иш орундары сунушталды. Мындан сырткары, 50дөн ашык алдыңкы ишканалар катышып, өздөрү өндүргөн продукцияларын жарманкеге коюшту.

 Сунушталган 2000ден ашуун жумуш орундарынын арасында өнөр жай, курулуш, транспорт, соода, билим берүү, саламаттык сактоо тармактарына жумушчулар керектиги көрсөтүлгөн.

 Бул сыяктуу жумушсуз жүргөн жарандарды иш менен камсыздоо иш-чарасы Жалал-Абад шаарында ушул жылдын эсебинен экинчи ирет өтүүдө. Апрель айында уюштурулган жарманкенин жыйынтыгы менен 150дөй жаран жеринде жумуш тапкан.

 Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы жана жергиликтүү бийлик жумушсуз жарандардын санын азайтуу максатында ар кандай акысыз кесиптик курстарды да уюштуруп келет.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз