16 май 2023

Кароолор: (95)

Бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси өттү

 

 Бүгүн, 16-май күнү Жалал-Абад шаардык мэриясы менен шаардык Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы биргеликте уюштурган бош жумуш орундар жана кесиптер жарманкеси, гүлдөр жарманкеси өттү. Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гулбарчын Таштанбекова, мекеме-ишканалардын жетекчилери, окуу жайлардын мугалимдери, студенттер жана шаар тургундары катышты.

 Жарманкеде 300дөн ашуун бош жумуш орундары сунушталып, жумуш издеген жарандарга маалыматтар берилди.

 Жарманкенин максаты - окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүн ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү, жумушсуз жарандарды жана жаштарды эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, иш менен камсыз кылуу болуп саналат.

 Иш-чаранын соңунда көмөк көрсөткөн бир катар мекеме-ишканаларга ыраазычылык баракчалары тапшырылды

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз