17 май 2025

Кароолор: (28)

БОРБОР АЗИЯ ЭЛ АРАЛЫК МЕДИЦИНАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНДЕ “БАЭМУ - ИЛИМДИН АЧКЫЧЫ” АТАЛЫШЫНДАГЫ ИШ-ЧАРА БОЛУП ӨТТҮ

 Бүткүл дүйнөлүк үй-бүлөлүк дарыгерлер күнүнө жана БАЭМУнун Ардактуу профессору, фармацевтика илимдеринин доктору, Караганда медициналык университетинин Фармация мектебинин профессору Раиса Абдуллабекованын 70 жылдыгына арналган "БАЭМУ – илим ачкычы", «Саламаттыкты сактоодо илим менен практиканы интеграциялоо: Бүткүл дүйнөлүк үй-бүлөлүк дарыгерлер күнү фармацевтика, химия, медицина жана башка илимдердин контекстинде» деген темада VIII эл аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.

 Конференцияга шаар мэринин орун басары Гулбарчын Таштанбекова, Россия, Казакстан, Өзбекстандан келген медицина өкүлдөрү, Жалал-Абад шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери, студенттер катышты.

 Гүлбарчын Таштанбекова мындай чоң масштабдуу иш-чара Жалал-Абад шаарында өтүп жатканы эл аралык кызматташтыктын, илимий диалогдун жана келечек үчүн биргелешкен аракеттердин аянтчасы болоорун белгилеп, үй-бүлөлүк медицина тармагындагы билимди, тажырыйбаны жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө жол ачаарын кошумчалады.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз