09 ноябрь 2023

Кароолор: (51)

БОКС БОЮНЧА Х ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШ БАШТАЛДЫ

6-ноябрда Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын бокс боюнча эмгек сиңирген машыктыруучусу, СССРдин спорт чебери, Жалал-Абад шаарынын ардактуу атуулу, спорттун бокс түрү боюнча эл аралык жана дүйнө чемпиондорун чыгарган мыкты машыктыруучусу Кочкорбек Алимжановдун жаркын элесине арналган бокс боюнча жаштар арасындагы X эл аралык турнирдин ачылуу аземи өттү.

 Иш-чарага Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Нуртилек Орозбаев, мэрдин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, областтык жана шаардык спорт бөлүмүнүн жетекчилиги, машыктыруучулар, спортчулар жана спорт күйөрмандары катышты.

 Мелдеште Кыргызстандын бардык аймактарынан, Казакстан жана Өзбекистандан келген жалпы 100дөн ашуун боксчулар 48 кг дан 92 кг га чейинки салмактык категорияда күч сынашууда.

 Спорттук иш-чара 10-ноябрда жыйынтыкталат. Жеңүүчүлөргө дипломдор, кубоктор жана баалуу белектер берилет.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз