10 май 2024
Кароолор: (65)
Бокс боюнча Астанада өткөн Азия чемпионатында ийгиликке жеткен спортчуларды салтанаттуу түрдө тосуп алышты

9 - майда Жалал- Абад шаарындагы аэропорттон бокс боюнча Казакстандын борбору Астана шаарында өткөн Азия чемпионатында ийгиликке жеткен спортчуларды салтанаттуу тосуп алышты.
Иш-чарага мэриянын аппарат жетекчиси Миргүл Эгемова, шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн жетекчиси Таласбек Нуралиев, спортчулардын жакындары, күйөрмандары катышты.
Бокс боюнча 22 жашка чейинки спортчулар арасында Азия чемпионатына Кыргызстандын курама командасынын катарында Жалал-Абад шаарынан барган спортчулар 2 күмүш, 1 коло медалга ээ болушту.
Тактап айтканда, Раатбек Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучусу Мухаммадазиз Закиров 80 кг салмакта 2-орунду ээлеп күмүш медалга татыса, Даниель Абдрахманов 75 кг салмакта күч сынашып, 3-орунду багындырды.
Ошондой эле, бул чемпионатка Жалал- Абад шаарындагы №1 Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин тарбиялануучусу Зафарбек Камилов катышып, жаштар арасында 51 кг салмакта 2-орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды.
Курама команда Кыргыз Республикасынын улук машыктыруучусу Улан Төлөнбай уулунун жетекчилиги алдында барып келишти.
Эске салсак, аталган чемпионат үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинен 10-майына чейин Астана шаарында өткөн. Ага Азиянын бардык өлкөлөрүнөн командалар катышты.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз