30 март 2023
Кароолор: (72)
Бишкекке каттаган таксилер автобекетке көчүрүлдү

Жалал-Абад шаарынын Ленин жана Чехов көчөлөрүнүн кесилишинде турган Жалал-Абад-Бишкек каттамынын таксилери 31-марттан тарта автобекеттен каттамга чыга баштайт. Бүгүн, 30-март күнү аталган жайда ишмердүүлүк жүргүзгөн айдоочуларга ЖКККБнын жана мэриянын кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган жайда турган унаалар жол тыгынын жаратып, шаар тургундарына жана келген конокторго ыңгайсыздык жаратып келген. Мындан улам шаар мэри Эрнисбек Ормоков тийиштүү кызматтарга Жалал-Абад-Бишкек багыты боюнча каттам жүргүзгөн таксилерди автобекеттин ичине көчүрүү боюнча тапшырма берген.
Эскерте кетсек, Чехов жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде унааларды токтотууга тыюу салган жол белгилери бар. Ага карбай унаасын токтоткон айдоочуларга айып пул салынып, унаалары айып короого жеткирилет.