12 февраль 2024

Кароолор: (5)

БИР КАТАР ЖЕТЕКЧИЛЕРГЕ МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН СЫЙЛЫКТАРЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

9-февралда Жалал-Абад шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Миргүл Эгемова жана Капиталдык курулуш департаментинин башчысы Арапбай Маматжан уулу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Ардак грамотасы менен сыйланды. Ал эми Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Бакыт Байжигитовго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Алкыш баракчасы тапшырылды.

 Сыйлыктарды Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жыл жыйынтыгын чыгарган облустук коллегияда тапшырды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз