05 апрель 2023
Кароолор: (73)
Белгиленген үлгүгө дал келбеген Герб жана Тууну колдонгон юридикалык мекемелерге айып пул салынат.

Бүгүн, 4-апрелде Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Метрологиялык көзөмөл башкармалыгынын адистери Жалал-Абад шаарындагы жалпы билим берүүчү мектептердин, бала бакчалардын жетекчилерине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу жана Гербин туура колдонуу боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйынга мэриянын аппарат жетекечиси Миргуль Эгемова, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Айнура Маданова жана билим берүү кызматкерлери катышты.
Иш-чаранын алкагында шаардагы билим берүү мекемелеринде мамлекеттик символдордун туура колдонулушу боюнча кеңири маалымат берилди.
Мектеп жетекчилерине мамлекеттик символдорду сатып алууда жана мекемелерге пайдаланууда атайын үлгүдө көрсөтүлгөн символикаларды колдонуу зарылдыгы белгиленди.
Белгилей кетсек, мамлекеттик символикалардын туура вариантын колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 11-апрелинде “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин техникалык өзгөчөлүгүн бекитүү жөнүндө” №205 токтому чыккан. Токтомго ылайык, үлгүгө туура келбеген Герб жана Тууну колдонгон юридикалык мекемелерге Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан айып пул салынат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз