29 май 2023

Кароолор: (55)

Бел боолуу күрөш боюнча өткөн Азия биринчилигинде ийгилик жараткан спортчулар сыйланды

Өзбекстан Республикасынын Жизак шаарында өткөн бел боолуу күрөш боюнча чоңдор жана кыз-келиндер арасында Азия биринчилигинде жеңишке жетишкен спортчуларды жана машыктыруучуларын Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев баштаган депутаттар кабыл алып, ийгилкитери менен кттуктап, белектерди тапшырышты.

Азия биринчилигине Жалал-Абад шаарынан 20дан ашуун спортчу катышып, 11 спортчу байгелүү орундарды камсыздап, 1 алтын, 4 күмүш жана 6 коло медалга ээ болушкан. Ийгилик жараткандардын катарында үч спортчу айым бар.

Эскерте кетсек, Жалал-Абад шаарындагы Исхак Раззаков атындагы спорт мектебинде 500дөй бала спорттун 7 түрү боюнча машыгып келишет.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз