25 октябрь 2024

Кароолор: (93)

БАТКЕН ОКУЯСЫНДА КУРМАН БОЛГОНДОР ЭСКЕРИЛДИ

 Бүгүн, 25-октябрь күнү Жалал-Абад шаарынын “Жеңиш” эс алуу багында 1999-2000-жылдары Баткенде курман болгон жоокерлер эскерилди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, шаар мэринин орун басары Гулбарчын Таштанбекова, Баткен коогалаңынын ардагерлери, каза болгон жоокерлердин жакындары жана мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты.

 Иш-чарада Баткен окуясында курман болгондорго арнап тургузулган эстеликке гүл коюлуп, куран окулду.

 Белгилей кетсек, 1999-2000-жылдары Баткен окуясына Жалал-Абад шаарынан 84 жоокер катышып, алардын 12си баатырларча курман болгон болгон.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз