17 июнь 2025
Кароолор: (43)
БАРПЫ-СЕЙИЛ КӨЧӨСҮНДӨГҮ БАРАК ТИБИНДЕГИ ҮЙЛӨРДҮН ОРДУНА КӨП КАБАТТУУ ИПОТЕКАЛЫК ТУРАК ЖАЙЛАР КУРУЛАТ

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков тиешелүү жетекчилер жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрү менен биргеликте Барпы-Сейил көчөсүнүн жашоочулары менен жеринде жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Шаар башчысы Барпы-Сейил көчөсүнүн Ж.Бакиев жана Т.Байзаков проспектиси менен кесилишкен аралыгындагы 102 объект буздурулуп, ордуна заманбап, көп кабаттуу ипотекалык турак жайлар курула тургандыгын айтып, дээрлик жашоочулардын бары ага макул экендигин билдирди. Мындагы турак жайлардын ээлерине Мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдөн батирлер берилет.
Белгилей кетсек, аталган жайга болжол менен 15 кабаттуу турак жайлар курулат.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз