13 февраль 2025
Кароолор: (115)
БАҢГИЛИКТИН АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА ЖЫЙЫН БОЛУП ӨТТҮ

12-февралда Жалал-Абад шаарынын мэриясында КР ИИМнин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы жана Жалал-Абад ШИИБ тарабынан баңгиликтин алдын алуу боюнча иш-чара болуп өттү.
Ага Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Миргүл Эгемова, КР ИИМ дин Бангизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын, КР ИИМдин Бангизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын алдын алуу жана коомчулук менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн ыкчам өкүлү, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн жана жогорку, орто окуу жайлардын өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты.
Анда тиешелүү адистер тарабынан наркотикалык заттардын зыяндуулугу, акыл эске терс таасир берүүсү боюнча маалыматтар берилип, анын кесепеттери эмнелерге алып келээри тууралуу видео роликтер көрсөтүлдү. Ошондой эле, жыйындын катышуучуларына жаштардын наркотикалык заттарга азгырылып калуусунун алдын алуу боюнча сунуштар айтылды.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз