18 апрель 2023
Кароолор: (50)
Балтагулов көчөсүнө тротуар курулуп жатат

Жалал-Абад шаардык мэриясынын Жол башкармалыгы тарабынанан Балтагулов көчөсүнө кеңдиги эки метр, узундугу бир чакырымдан ашык аралыкка тротуар курулуп жатат.
Буга чейин аталган көчөдөгү тротуардын аймагына мыйзамсыз чыгып кеткен бир катар курулуштар буздурулган.
Белгилей кетсек, 2023-жылы Жалал-Абад шаарына жалпы 13 чакырым тротуар куруу, 14,2 чакырым жолго асфальт төшөө пландалган.