26 декабрь 2024
Кароолор: (52)
БАЛДАРГА МАЙРАМДЫК МААНАЙ ТАРТУУЛАНДЫ
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык “Данек” балдар оюн-зоок борборунда шаардагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынан жалпы жүздөй балага акысыз майрамдык маанай тартууланды.
Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков, ата-энелер жана балдар катышты.
Иш-чаранын алкагында Улуттук Кызыл Ай коомунун өкүлдөрү, "Элим барсыңбы Жалал-Абад" коомдук кайрымдуулук фонду, "Азык Ордо" жоопкерчилиги чектелген коому, "Келечек" жабык акционердик коому, "Двойняшки" кондитердик фабрикасы жана "НУР" ачык акционердик коому тарабынан балдар үчүн жаңы жылдык белектер берилди.

Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз