13 июль 2023

Кароолор: (48)

Балдар ойноочу комплекстин курулушу башталды

 Жалал-Абад шаарындагы Т.Байзаков атындагы эс алуу паркында муниципалдык балдар ойноочу заманбап комплекстин курулушу башталды. Долбоордун сметалык баасы 75 млн. сомду түзүп, тендердин жыйынтыгы менен "АСТА строй" ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, 72 млн. сомго курулуш жүргүзүүдө.

 Комплексттин курулушу 2023- жылдын октябрь айында бүткөрүү пландалган.

 Белгилей кетсек, балдар ойноочу комплекстин курулушу республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд. сом акча каражатынын эсебинен каржыланууда.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз