14 апрель 2025

Кароолор: (31)

БАЛДАР – БИЗДИН БАКТЫБЫЗ» АТАЛЫШЫНДАГЫ ИШ-ЧАРА БОЛУП ӨТТҮ

 Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында “Ариет” балдар чыгармачылык борборунун “Балдар - биздин келечегибиз” аталышында отчеттук концерти болуп өттү.

 Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү секторунун башкы адиси Апел Адылбекова, Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары, окуучулар жана ата-энелер катышты.

 Иш-чаранын жүрүшүндө балдар чыгармачылык борборунун окуучулары тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, мэрия тарабынан аталган борбордун эмгек жамаатына ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз