18 октябрь 2023

Кароолор: (89)

Бааларды көзөмөлдөө жана базарлардын ишмердүүлүгү боюнча жыйын өттү

 Жыйынга Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн башчысы Бейше Сатыгулов, Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад башкармалыгынын башчысынын орун басары Уланбек Камчыбеков, мэриянын жергиликтүү экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Султан Эргешов тиешелүү мекемелердин жетекчилери жана соодагерлер катышты.

 Жыйында эки маселе каралды:

1. Социалдык маанилүү делген товарларга ( ун, нан, картошка, суу май) болгон бааларды көзөмөлгө алуу.

2. Ири жана кичи базарлардын ишмердүүлүгү.

Жыйындын жүрүшүндө базар бааларын көзөмөлгө алуу жана алардын өсүүсүнө жол бербөө багытында сөз болду.

Социалдык маанилүү товарларга баалар жогорулаган учурда сатуучуларга жана сатып алуучуларга тушүндүрүү иштерин алып баруу зарылдыгы белгиленди.

 Ал эми экинчи маселе боюнча

Министрлер кабинетинин № 466 токтомунда базарлардын ишмердүүлүгү жөнүндө көрсөтүлгөн талаптарды аткарууга алуу боюнча базар ээлерине жана ишкерлерге түшүндүрүү иштерин алып баруу боюнча маалымат берилип, бул багытта мерчемделген иш-пландарды түзүү зарылдыгы белгиленди.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз