25 июнь 2025

Кароолор: (28)

АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫНДА КОЛО МЕДАЛЬ ТАГЫНГАН СПОРТЧУНУ САЛТАНАТТУУ ТОСУП АЛЫШТЫ

24-июнь күнү, эркин күрөш боюнча Виьетнамда өткөн Азия чемпионатында коло медаль тагынган спортчу Мухаммадрасул Салиевди "Жалал-Абад" аэропортунан салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү. Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Уларбек Исмаилов, шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Таласбек Нуралиев баштаган спортчулар жана машыктыруучулар катышты.

 Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарындагы Р.Санатбаев атындагы спорт мектебинин тарбиялануучусу Мухаммадрасул Салиев Вьетнамдын Вунг Тау шаарында 23 жашка чейинкилер арасында өткөн эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында коло медаль тагынган. Анын машыктуруучусу Санжар Рыскулов.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз