21 июль 2025

Кароолор: (35)

АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ҮЙ-БҮЛӨЛӨРГӨ КЫЗЫЛ ЖАРЫМ АЙ КООМУ ТАРАБЫНАН АЗЫК-ТҮЛҮКТӨР БЕРИЛДИ

 Кызыл Жарым Ай коому, Жалал-Абад шаарынын мэриясы жана шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы менен биргеликте “Аномалдуу ысыкка алдын алуу иш-аракет” протоколун активдештирүүнүн алкагында шаардагы аз камсыз болгон 550 үй-бүлөгө жардам көрсөтүштү. Андагы бир жаранга берилүүчү азык-түлүк баштыгынын баасы 6500 сомду түзөт.

 Мындан сырткары, Кызыл Жарым Ай коому тарабынан Жалал-Абад шаарындагы “Ак-жол” балдар үчүн комплекстүү реабилитациялык борборуна, балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесине, “Бакыт” ден соолукту калыбына келтирүү борборуна, “Жылмаю” логопеддик мектепке чейинки билим берүү уюмуна, кургак учукту дарылоо тибиндеги №5 “Чолпон” мектепке чейинки билим берүүү уюмуна, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын “Үй-бүлөгө жана балдарга жардам берүү” кайрымдуулук борборунун карамагындагы майыптыгы бар балдардын реабилитациялык борборуна кондиционер орнотулду.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз