03 октябрь 2025
Кароолор: (35)
АВТОКЫРСЫККА КАБЫЛГАН ЖАРАНГА КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТӨЛӨМҮ ТАПШЫРЫЛДЫ
2-октябрь күнү, Манас шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Жалал-Абад филиалынын директорунун орун басары Дамир Айткулов автокырсыкка кабылган жаранга сертификат тапшырышты.
Манас шаарынын тургуну Нургазы Эрназаровго Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан 130 миң сом өлчөмүндөгү кенемте төлөнүп берилди. Анткени, анын унаасы менен сүзүшкөн унаа мамлекеттик камсыздандыруудан өткөрүлгөн.
Белгилей кетсек, Манас шаарында жыл башынан бери 30 миңден ашуун автоунаа мамлекеттик камсыздандыруудан өткөн.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз




