28 май 2025

Кароолор: (27)

АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ

 28-май – Чек ара кызматынын түзүлгөндүгүнүн 26 жылдыгына жана 29-май – Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 33 жылдыгана карата Жалал-Абад шаардык бириккен аскер комиссариатынын Куралдуу күчтөрүнүн кызматкерлери, КР ИИМдин Ички арскеринин 7704 аскер бөлүгүнүн өздүк курамынын жана 2027, 2055 аскер бөлүктөрүнүн кызматкерлери мэриянын Ардак Грамотасы менен сыйланышты.

 Сыйлыктарды Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Миргүл Эгемова тапшырып, өлкөбүздүн чек арасын жана мамлекеттин коопсуздугун камсыздоодо талыкпай эмгектенип келе жаткан кызматкерлерге терең ыраазычылык билдирип, кесиптик майрамы менен куттуктады.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз