11 ноябрь 2024
Кароолор: (246)
АСКЕР ДЕҢИЗ ФЛОТУНУН АРДАГЕРЛЕРИНЕ АРНАЛЫП ЭСТЕЛИК ТУРГУЗУЛДУ

Жалал-Абад шаарынын "Жеңиш" паркында Аскер деңиз флотунун ардагерлерине арналган эстелик тургузулуп, бүгүн, 9-ноябрда ачылуу аземи болуп өттү.
Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев катышып, Аскер деңиз флотунда кызмат өтөгөн ардагерлерди куттуктап, аталган эстеликти тургузууга салым кошкон бир катар инсандарга мэриянын ыраазычылык баракчаларын тапшырды.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз