27 март 2023
Кароолор: (48)
Арзандатуулар уланып жатат

Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык базардын алдында ишемби жана жекшемби күндөрү жайма базар болуп жатат. Бул күндөрү соодагерлерге акысыз соода жайы берилип, кардарларга арзан баадагы кийим-кече, керектелүүчү буюмдар сатылууда.
Мындан сырткары 1-сорттогу ундун бир мүшөгү 1650 сомдон, өсүмдүк майынын беш литри 530 сомдон, кумшекердин кг 75 сомдон, уй эти 450 сомдон, картошканын кг 33 сомдон, пияздын кг 45 сомдон сатуу уланып жатат.
Дареги: Курманбек к.8. (Болжол: Строймаркеттин арты)
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз