01 март 2023

Кароолор: (377)

“Ариет” балдар чыгармачылык борборунун окуучусу көзү азиздер үчүн электро таяк ойлоп тапты

 Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гулбарчын Таштанбекова “Ариет” балдар чыгармачылык борборунун эл аралык сынакта ийгилик жараткан окуучулары менен жолукту. Ал окуучуларды ийгиликтери менен куттуктап, борбордун жетекчисине жана окуучуларга мэрдин ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

 Эске салсак, аталган борбордун окуучусу, техника, моделдештирүү ийриминин окуучусу Байырбек Заиров көрүүсү, угуусу начар жана көзү азиз жарандар үчун электро таяк ойлоп тапкан. Ал КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигине караштуу “Келечек жаратманы республикалык сынагы жана Алтын-Түйүн” улуттук академиясы тарабынан уюштурулган “Креативдүү технологиялар кербени” эл аралык фестивалында 1-орунду ээлеген.

 Мындан сырткары “Ариет” балдар чыгармачылык борборунун окуучулары Орозбек Парпиев, Аделина Эрнистова Казакстан улуттук ЮНЕСКО клубдар федерациясы тарабынан уюштурулган “Жибек жолу-маданий мурас” аттуу эл аралык сүрөт сынагына катышып, 2-орунду багындырды.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз