27 июнь 2025
Кароолор: (14)
“АЛТЫН-БАЛАЛЫК” ЛАГЕРИНЕ АКЫСЫЗ АЛУУГА БАЛДАРДЫН АЛГАЧКЫ ТОБУ ЖИБЕРИЛДИ
            Жалал-Абад шаарынын мэриясынын «Алтын балалык» лагерине, Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган 7 жаштан 14 жашка чейинки 70 бала жайкы эс алууга жиберилди.
Аталган лагерде жыл сайын жергиликтүү бийлик тарабынан 200 бала акысыз эс алат. Балдардын эс алуусуна, тамак-ашына жана лагерди оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө жыл сайын Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинен акча каражаты бөлүнөт.
Белгилей кетсек, аталган лагерь жалпы 120 орунга ылайыкташкан. Ага жыл сайын шаардагы аз камсыз болгон, ата-энесинен ажыраган жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар акысыз эс алууга жиберилет.
Комментарий кошуу
            Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз
      








