02 июль 2025
Кароолор: (13)
“АЛТЫН-БАЛАЛЫК” ЛАГЕРИНДЕ БЫЙЫЛКЫ ЖЫЛДЫН ЭСЕБИНЕН БАЛДАРДЫН АЛГАЧКЫ ТОБУ ЭС АЛУУДА

1-июлда аталган лагердин быйылкы сезонго карата ачылуу аземи болуп өттү. Ага Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Орозбек Турдубеков, төраганын орун басары Нуртилек Болотов, шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад шаардык комитетинин төрагасы Максат Мамасыдыков жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышып, балдар тарабынан даярдалган концерттик программага күбө болушту.
Иш-чаранын жүрүшүндө Орозбек Турдубеков лагердин абалы менен таанышып, балдар үчүн зарыл болгон шарттарды жаратууга шардык кеңеш ар дайым колдоо көрсөтөөрүн белгилеп, жайкы каникулда жүргөн балдарга чың ден-соолук, көңүлдүү эс алуу каалады.
Эскерте кетсек, аталган лагерь үстүбүздөгү жылдын 27-июнунан тарта балдарды кабыл алып баштаган. Учурда бул жайда 7 жаштан 14 жашка чейинки 70 бала эс алууда. Лагерь жалпы 120 орунга ылайыкташтан.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз