09 декабрь 2022
Кароолор: (419)
Акысыз юридикалык жардам боюнча жыйын өттү

Жалал-Абад шаардык мэриясынын жыйындар залында КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы юридикалык жардам кызматынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча регионалдык башкармалыгы тарабынан жарандарга акысыз юридикалык кеңеш берүү тууралуу жыйын өттү. Ага шаардык мэриянын аппарат жетекчиси Эрнист Зияйдинов, юридикалык жардам кызматынын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусу боюнча регионалдык башкармалыгынын координатору Акбар Эрматов, аймактык башкармалыктардын аксакалдар жана аялдар кеңешинин өкүлдөрү катышты.
Жыйынга келгендерге жарандардын укуктарын жана милдеттерин, соттук жана соттон сырткаркы тартипте укуктарды ишке ашыруу жана колдонуу ыкмалары тууралуу маалымат берилип, укуктук мүнөздөгү документтерди түзүүгө жардам берүү кызматтары бар экенин кошумчалады.
Аймактык башкармалыктардын аксакалдар жана аялдар кеңешинин өкүлдөрү тарабынан социалдык маселелер боюнча пенсия, жөлөк пул алуу, жер тилкелерин берүү, юридикалык жактарды каттоо, кайра каттоо жана жоюу, мурас жана алимент маселелери боюнча көйгөйлөр арбын экени айтылды.
Учурда Жалал-Абад облусу боюнча 6 акысыз кеңеш берүү борборлору иштеп жатат. 2022-жылдын ушул мезгилине чейин облус боюнча 5 миңге жакын жаранга акысыз юридикалык кеңеш берилген.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз