17 март 2025
Кароолор: (44)
АЮП-ТООГО ОЮН-ЗООК ПАРКЫН УЮШТУРУУГА ДОЛБООР ДАЯРДОО БОЮНЧА ЖАРЫЯЛАНГАН СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ АНЫКТАЛДЫ

Жалал-Абад шаарынын Аюп-Тоо участкасында жайгашкан муниципалдык жер тилкесине заманбап оюн – зоок паркын уюштуруу үчүн эскиздик долбоор даярдоо боюнча жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыгарылды.
Сынактын соңку баскычында 2 талапкердин эскиздик долбоорлору каралды.
Алар өздөрүнүн эскиздик долбоорлорун комиссия мүчөлөрүнө тааныштырып, берилген суроолорго жооп беришти.
Жыйынтыгында комиссия мүчөлөрүнүн чечими менен 1-орунду Эрмек Болотбеков алып 400 миң сом сыйлыкка ээ болду. Ал эми 2-орунду алган Нурсултан Нишанов 100 миң сом сыйлыкка ээ болду.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэриясы Аюп-Тоо участкасында жайгашкан 12гектар муниципалдык жер тилкесине заманбап оюн-зоок паркын уюштуруу үчүн эскиздик долбоор даярдоого конкурс жарыялаган. Кийинчерээк аталган участканын аянты кеңейтилип, оюн-зоок паркынын жалпы аянты 40 гектар болуп өзгөртүлгөн. Ал эми сынактын байгесине жергиликтүү бюджеттен 500 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз