30 июнь 2025

Кароолор: (27)

АЙМАКТЫК БАШКАРУУЛАРДЫН БАШЧЫЛАРЫ СЫЙЛАНДЫ

 Жалал-Абад шаарынын мэриясынын аймактык башкарууларынын жана аймактык башкармалыктарынын башчылары Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан "Камсыздандыруу маданиятын өнүктүрүүгө кошкон салымдары" үчүн ыраазычылык кат менен сыйланышты.

 Иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Мамлекеттик Камсыздандыруу уюмунун Жалал-Абад филиалынын директору Марат Кудайбергенов катышты.

 Шаар башчысы турак-жайларды жана автоунааларды камсыздандыруу учурдун талабы экендигин белгилеп, бул багытта аймактык башкаруулардын башчылары менен Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун адистери калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүсү зарылдыгын кошумчалады.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз