28 февраль 2023
Кароолор: (383)
Айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү боюнча үч айлык жарыяланды

Жалал-Абад шаарында 1-марттан 1-июнга чейин, шаарды көрктөндүрүү, санитардык абалын жакшыртуу максатында үч айлык жарыяланды. Шаар мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругуна ылайык, үч ай ичинде шаар аймагындагы эс алуу бактары, аллеялар, турак-жайлардын айланасы, сел арыктар, тротуар жана темир-бетон арыктар тазаланып, шаардын көркүн бузган көрнөк-жарнактар, соода күркөлөрү алынып, көчөттөр тигилет.
Жалал-Абад шаардык мэриясы, мекеме-ишканалардын кызматкерлерин, шаар тургундарын ишембиликтерге активдүү катышууга чакырат!
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз