06 июнь 2024

Кароолор: (7)

АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КӨРКТӨНДҮРҮҮ БОЮНЧА ИШЕМБИЛИК ДАГЫ БИР АЙГА УЗАРТЫЛДЫ

 Жалал-Абад шаарында 1-марттан 1-июнга чейин, шаарды көрктөндүрүү, санитардык абалын жакшыртуу максатында жарыяланган үч айлык ишембилик дагы бир айга узартылды. Буйрукка шаар мэри Эрнисбек Ормоков кол койду. Ага ылайык, 1-июлга чейин шаар аймагындагы эс алуу бактары, аллеялар, турак-жайлардын айланасы, арыктар, тротуар жана темир-бетон арыктар тазаланып, шаардын көркүн бузган көрнөк-жарнактар, соода күркөлөрү алынат.

 Жалал-Абад шаардык мэриясы, мекеме-ишканалардын кызматкерлерин, шаар тургундарын ишембиликтерге активдүү катышууга чакырат!

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз