28 декабрь 2023
Кароолор: (52)
АЯРЛУУ КАТМАРДАГЫ БАЛДАРГА ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БЕЛЕКТЕР ТАПШЫРЫЛДЫ

27-декабрда Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде тарбияланып жаткан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулду.
Майрамдык иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Гүлзат Аширова, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова катышып, балдардын балаты майрамы менен куттуктап, белектерди беришти.
Ошондой эле, мындагы стационардык мекемеде тарбияланган балдар тарабынан оюн-зоок, ыр-бий программалары тартууланды.
Белгилей кетсек, аталган мекемеде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 116 бала тарбияланып келет.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз