16 январь 2024

Кароолор: (55)

АЯРЛУУ КАТМАРДАГЫ БАЛДАРГА БЕЛЕКТЕР ТАПШЫРЫЛДЫ

 Бүгүн, 16-январда Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Каныбек Маманов жана "Кёрлинг" федерациясынын президенти Тынчтыкбек Саматов Жалал-Абад шаарындагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесине жана андагы тарбияланып жаткан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жалпы суммасы 50 миң сомдон ашуун каражатка алынган белектерди тапшырышты.

Мындай кайрымдуулук иш-чара 2013-жылдан бери улантылып келет. "Кёрлинг" федерациясынын Жалал-Абаддагы бөлүмүнүн жетекчиси Каныбек Мамановдун билдирүүсүнө караганда алдыда мындай кайрымдуулук иш-чаралары байма - бай жүргүзүлүп турмакчы.

Белгилей кетсек, учурда аталган мекемеде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 120 бала тарбияланып келет.

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз