11 октябрь 2024
Кароолор: (24)
АЯРЛУУ КАТМАРДАГЫ 100 ҮЙ- БҮЛӨГӨ АЗЫК-ТҮЛҮК БЕРИЛДИ
7-октябрда Жалал- Абад шаарында "Падыша Салман" атындагы куткаруу жана гуманитардык иштер борбору жана “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан Жалал-Абад шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында каттоодо турган 100 үй-бүлөгө азык-түлүк тапшырылды.
Кайрымдуулук иш-чарага Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков, шаар мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, “Ыйман" фондунун жетекчиси Жанузак Туран уулу катышты.
Белгилей кетсек, аталаган иш-чара "Кыргыз Республикасындагы муктаж үй-бүлөлөрдү колдоо үчүн азык-түлүк жардамы - 2024" долбоорунун алкагында уюштурулду.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз