07 март 2024
Кароолор: (61)
АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Бүгүн, 7-март күнү Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы кыргыз драма театрында 8-март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата майрамдык иш-чара болуп өттү.
Салтанаттуу иш-чарага Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев, шаардык аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, мекеме-ишканаларда иштеген айымдар, шаар тургундары, студенттер катышты.
Калаа башчысы Эрнисбек Ормоков жана шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Орозбаев жалпы аялзатынын майрамы менен куттуктап, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары, кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыктары үчүн, бир топ мекемелердин кызматкерлерине шаардык мэриянын жана шаардык кеңештин Ардак грамота жана белектерин тапшырышты.
Иш-чара концерттик программа менен коштолду.
Белгилей кетсек, 8-март-Аялдардын эл аралык майрамына карата шаар бийлиги ар тармакта эмгектенген, шаардын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө салым кошкон 100 аялга 1000 сомдон акчалай белек берди.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз