12 март 2025
Кароолор: (14)
АИВ/ВИЧ (СПИД), ВИРУСТТУК ГЕПАТИТ ООРУСУНУН АЛДЫН АЛУУ МАКСАТЫНДА РЕЙД ӨТКӨРҮЛДҮ

11-мартта Жалал-Абад шаарынын мэриясынын, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлеринен жана шаардык кеңештин депутаттарынан турган комиссия курамы шаар аймагындагы жеке менчик медицина борборлорун, стоматологиялык кабинеттерди, ийне саюучу жайлардын, сулуулук салондордун медициналык жана санитардик алабын текшерди.
Рейд кан аркылуу жугуучу АИВ/ВИЧ (СПИД), вирусттук гепатит ооруларынын алдын алуу максатында уюштурулуп, эрежелерди бузгандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, санитардык көрсөтмөлөр берилди. Ошондой эле, коюлган талаптар аткарылбаса, айып пул салынаары эскертилди.
Комментарий кошуу
Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз