16 ноябрь 2023
Кароолор: (43)
АИВ ИНФЕКЦИЯСЫНЫН АЛДЫН АЛУУГА БАГЫТТАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТТҮ
Жалал-Абад шаарында АИВ инфекциясынын алдын алууга багытталган иш-чара өттү. Үстүбүздөгү жылдын 14-ноябрь күнү "Курманбек" стадионунда Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борбору тарабынан "Менин жашоом менин колумда" аталышындагы АИВ инфекциясынын алдын алууга багытталган иш-чара өттү.
Иш-чарага келген шаар тургундары "Атлант" ден соолукту чыңдоо борборундагы Доктор Арашан менен таңкы көнүүгү жасалып, кардиолог, гинеколог дарыгерлер кеңеш берип, ВИЧ/СПИД, гепатит, сифилис илдетине, кант диабетине каршы акысыз экспресс-тест тапшырышты.