14 август 2024

Кароолор: (57)

АБДЫШ-АТА АФК ЧАКЫРЫК ЛИГАСЫНЫН ТАЙПАЛЫК БАСКЫЧЫНА ЖОЛДОМО АЛДЫ

13-августта ата-мекендик «Абдыш-Ата» клубу 2024-2025 сезонунун АФК Чакырык Лигасынын алгачкы баскычы алкагында Ооганстандык «Аттак Энерджи» клубу менен кез келди. Беттеш Жалал-Абад шаарынын «Курманбек» стадионунда орун алды.

Аталган оюн «Абдыш-Ата» клубунун 2:0 эсебиндеги жеңиши менен аяктады. Голдун авторлору - Атай Джумашев (11') жана Кайрат Жыргалбек уулу (51'). Ошентип, бул жеңиш менен Кыргызстандын клубу турнирдин тайпалык этабына болгон жолдомону камсыздады.

Тайпалык баскычка чүчүкулак тартуу аземи 22-августта орун алып, анын жыйынтыгында командалар 5 тайпага бөлүнүшөт.

-

Комментарий кошуу

Комментарий калтыруу үчүн каттоодон өтүңүз
же соцтармактар аркылуу кириңиз